Россиянын дагы эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдуктары ачылат

Санкт-Петербургда жана Казань шаарларында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылат. Россиянын өкмөтү КР Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү сунушун жактырганын россиялык басылмалар билдиришти.

Маалым болгондой, Санкт-Петербургдагы Башкы консулдукка Карелия, Коми, Архангельск, Вологда, Калининград, Мурманск, Новгород, Псков жана Ленинград облустарынын тургундары кайрылса болот.

Казандагы консулдук болсо Татарстан, Башкырстан, Мари Эл, Мордовия, Удмуртия, Чувашия жана Ульяновск облусунун аймактарына жооптуу болот.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын эки башкы консулдугу Россияда — Новосибирск жана Екатеринбургда шаарларында иштешет.