Жогорку Кеңеш 20 млн сомго мамлекеттик сатып алууларды жарыялады

Жогорку Кеңеш жалпысынан 20 млн 84 миң сомдук товар алууну көздөөдө. Бул маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталынын расмий сайтында жарыяланды.

Белгиленгендей, парламент кеңсе эмеректерин, тиричилик буюмдарын жана видеомонтаждоо жана онлайн көрсөтүү үчүн программалык камсыздоону сатып алууну көздөөдө. Буга жалпысынан 8 млн 222 миң сом сарптоо пландалууда.

Ошондой эле 6.4 млн сомго көчүрмө машиналар жана Konica Minolta үчүн 77 миң сомго тонер сатып алуу, ошондой эле 4.5 млн сомго парламенттин административдик имаратындагы кирүүнү көзөмөлдөө системасын калыбына келтирүү боюнча сатып алуулар жарыяланды.

Мындан тышкары парламент дагы 885 миң сомго жумшак эмеректерди алууну көздөөдө.