> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого тыюуну алып салууну сунуштады
- URL: https://im.kg/all/2023/02/24/ajyl-charba-ministrligi-piyazdy-eksporttoogo-tyjuunu-alyp-saluunu-sunushtady/
- Published: 2023-02-24T15:45:56.000Z
- Updated: 2023-02-24T15:45:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Айыл чарба министрлиги 31-январдан тарта пияз, сарымсак жана пияз өсүмдүктөрүн Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгарууга киргизилген тыюуну алып салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.**

Министрлик өлкөдө ички рыноктогу суроо-талапты канааттандыра турган пияз жетиштүү экенин белгиледи.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын пиязга болгон муктаждыгы айына 6 миң тоннаны түзөт. Учурда дыйкандардын колунда 50 миң тонна кампа бар, бул өз кезегинде бул көлөм калктын 2-2.5 айга керектөөсүн жабат дегенди билдирет.

Ошондой эле Айыл чарба министрлиги өлкөдөгү азык-түлүктүн запасы 90 күндөн кем болбошу керектигин эскертти.