Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого тыюуну алып салууну сунуштады

КРнын Айыл чарба министрлиги 31-январдан тарта пияз, сарымсак жана пияз өсүмдүктөрүн Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгарууга киргизилген тыюуну алып салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Министрлик өлкөдө ички рыноктогу суроо-талапты канааттандыра турган пияз жетиштүү экенин белгиледи.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын пиязга болгон муктаждыгы айына 6 миң тоннаны түзөт. Учурда дыйкандардын колунда 50 миң тонна кампа бар, бул өз кезегинде бул көлөм калктын 2-2.5 айга керектөөсүн жабат дегенди билдирет.

Ошондой эле Айыл чарба министрлиги өлкөдөгү азык-түлүктүн запасы 90 күндөн кем болбошу керектигин эскертти.