Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды

Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Оорукана эл аралык жана улуттук инфекциялык көзөмөлдүн талаптарына ылайык курулган, ар бир бөлүмдүн кире бериштери атайын “чиптер” менен жабдылып, оорукананын ичинде “таза аймак” каралган.

Министрликтин билдиришинче, ал УЗИ, ЭКГ, рентген жана флюроаппараттар, биологиялык, кан жана ИФА анализаторлору, термостат, дистиллятор сыяктуу керектүү медициналык аппаратуралар менен камсыздалган.

Вентиляция системасы медицина кызматкерлеринин жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздап, кирип-чыгуучу абаны тазалоо үчүн атайын фильтрлер орнотулган. Жалпы канализацияга кирген суу жергиликтүү септик системасы аркылуу зыянсыздандырыл ат жана залалсыздандырылат.