> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБде азык-түлүктүн баасы эң көп Кыргызстан менен Казакстанда кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2023/02/24/eaebde-azyk-t-l-kt-n-baasy-e-k-p-kyrgyzstan-menen-kazakstanda-kymbattady/
- Published: 2023-02-24T13:02:39.000Z
- Updated: 2023-02-24T13:02:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын башында баалардын эң жогорку өсүшү Казакстан менен Кыргызстанда катталган. Январь айынын жыйынтыгын Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Казакстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баалар 20.7%га өскөн. Кыргызстанда баа 15.3%га кымбаттады.

Белоруссияда баалар 12%га, Россияда 11.8%га өскөн. Эң жай өсүү Арменияда – 8.1% байкалган.

Категориялар боюнча карай турган болсок, анда отчеттук мезгилде Кыргызстанда товарлар 17.6%га, ал эми азык-түлүк эмес товарлар 14.1%га кымбаттаган. Ал эми Казакстанда болсо тиешелүүлүгүнө жараша 25.7% жана 20.2%га кымбаттаган.