ЕАЭБде азык-түлүктүн баасы эң көп Кыргызстан менен Казакстанда кымбаттады

2023-жылдын башында баалардын эң жогорку өсүшү Казакстан менен Кыргызстанда катталган. Январь айынын жыйынтыгын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Казакстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баалар 20.7%га өскөн. Кыргызстанда баа 15.3%га кымбаттады.

Белоруссияда баалар 12%га, Россияда 11.8%га өскөн. Эң жай өсүү Арменияда – 8.1% байкалган.

Категориялар боюнча карай турган болсок, анда отчеттук мезгилде Кыргызстанда товарлар 17.6%га, ал эми азык-түлүк эмес товарлар 14.1%га кымбаттаган. Ал эми Казакстанда болсо тиешелүүлүгүнө жараша 25.7% жана 20.2%га кымбаттаган.