> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Каныбек Иманалиев Билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2023/02/24/kanybek-imanaliev-bilim-ber-ministrinin-mildetin-atkaruuchu-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2023-02-24T15:32:57.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн сунушталат.**

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Эскерте кетсек, 54 жаштагы Каныбек Иманалиев 2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр палатасына депутаттыкка шайланган. Ал эми 2010-жылы “Ар Намыс”, 2015-жылы «Ата Мекен» партияларынын тизмеси менен депутат болуп, 2021-жылы болсо президенттик шайлоого катышкан.