Россиялык компания Кыргызстандын дыйкандарынан 5 миң тонна продукция сатып алууга даяр
Россиянын Dalean компаниясы Кыргызстандын дыйкандарынан 5 миң тонна жашылча-жемиш сатып алууга даяр. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.
Dalean – жаңы жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди сатууга адистешкен ири дүң компания. Ал Россиянын рыногунда 2006-жылдан бери иштеп келе жатат жана Россиядагы ири федералдык жана жергиликтүү тармактарга продукцияларды жеткирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жашылча-жемиштерди жана мөмө-жемиштерди экспорттоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты. АИКти өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев КР үчүн экспорттун маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара пайдалуу активдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар байланыш маалыматтарын алмашып, мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.