Улуттук онкология борборунун бүтпөй калган курулушу 40 млн сомго бүткөрүлөт

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборун бүткөрүүгө тендер жарыялады. Тендердик арыз 22-февралда мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.

Тендер боюнча 40 млн 150 миң сомго этаждарды реконструкциялоо жана бүтүрүү пландалган. Белгилей кетсек, буга чейин бүтпөй калган Улуттук онкология борбору КММАга өткөрүлүп берилген болчу.

КММАнын ректору Индира Кудайбергенованын айтымында, курулуш аяктагандан кийин имаратта университеттин академиялык клиникасы жайгашат. Эки кабат гематологияга арналат. Оорукана болжолдуу түрдө 300 орунга ылайыкташкан.

Эске салсак, Улуттук онкология борборунун курулушу Бишкекте 2017-жылдын күзүндө башталган. Долбоор жети кабатты камтыган, бирок каражат нөл циклден төртүнчү кабатка чейин иштөөгө гана жетет. Борборду куруунун бекитилген планы болгон эмес. Эми КММА имарат баштапкы долбоор боюнча бүткөрүлөт деп ишендирүүдө.