«Аман-Гринфуд» ЖЧК «КРда балчылыкты өнүктүрүү» долбоорун сунуштады
«Аман-Гринфуд» ЖЧК «КРда балчылыкты өнүктүрүү» долбоорун Экономика министрлигинин аянтында министрдин орун басары Айнура Үсөнбекованын КРнын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү болгон: GIZ, EDB, USAID, EBRD, TIKA, Ага Хан Фонду, Япония эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда сунуштады.
Министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче, JICA Эл аралык кызматташтык агенттиги жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) менен да жолугушуу өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Аман-Гринфуд» ЖЧК кыргызстандык компаниясы сунуштаган «КРда балчылыкты өнүктүрүү» долбоору төмөнкү багыттарды камтыйт:
- аарычылык боюнча ветеринардык кызмат
- лаборатория жана илимий-изилдөө базасын түзүү
- сапаттуу жана профессионалдуу инвентарларды жана жабдууларды чыгаруу
- КРдагы балчылыктын тоют базасы.
Тактап айтканда, долбоордо КРда балчылыкты өнүктүрүү үчүн кластердик ыкманын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сунушталган.
“Долбоордун алкагында эксперттик консультациялык жардам көрсөтүү боюнча презентациянын жыйынтыгында ОКӨФ, ЕРӨБ жана ЮСАИД кызыгуу көрсөтүштү”, – дейт министрлик.
Республика боюнча бир аары үй-бүлөсүнөн алынган товардык балдын орточо түшүмү орто эсеп менен 30-50 кг чейин жетип, жалпы чогултулган балдын дээрлик 75%ын жогорку сапаттагы тоо балы, калганы – 25%ын ар кандай бал өсүмдүк балы түзөт.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча бир кишиге балдын жылдык керектөөсү 0.4 кг.