> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Анкаранын губернатору кыргыз элинин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди
- URL: https://im.kg/all/2023/02/25/ankaranyn-gubernatoru-kyrgyz-elinin-k-rs-tk-n-zhardamy-ch-n-yraazychylyk-bildirdi/
- Published: 2023-02-25T16:15:08.000Z
- Updated: 2023-02-25T16:15:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Анкара аймагынын губернатору Васип Шахин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен жолугуп, 182 адамдан турган КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу топтору жана дарыгерлер, көчмө оорукана, дары-дармектер жана Кахраманмарашта жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн 130га жакын боз үй түрүндө көрсөтүлгөн ыкчам жардам үчүн Кыргызстанга жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.** 

> “Жолугушууда КРнын жарандарынын Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу, тактап айтканда, убактылуу жашоого уруксат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, КР менен Түркиянын аймактар аралык кызматташтыгын өнүктүрүү жана чындоо, ошондой эле Анкара аймагынын жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселелери талкууланды”, – деп билдирди Казакбаев өзүнүн Фейсбук баракчасында.

Казакбаев ошондой эле президенттин жана Кыргызстандын элинин атынан көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген катуу жер титирөөлөргө байланыштуу көңүл айтканын кошумчалады.