Анкаранын губернатору кыргыз элинин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди
Анкара аймагынын губернатору Васип Шахин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен жолугуп, 182 адамдан турган КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу топтору жана дарыгерлер, көчмө оорукана, дары-дармектер жана Кахраманмарашта жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн 130га жакын боз үй түрүндө көрсөтүлгөн ыкчам жардам үчүн Кыргызстанга жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.
“Жолугушууда КРнын жарандарынын Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу, тактап айтканда, убактылуу жашоого уруксат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, КР менен Түркиянын аймактар аралык кызматташтыгын өнүктүрүү жана чындоо, ошондой эле Анкара аймагынын жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселелери талкууланды”, – деп билдирди Казакбаев өзүнүн Фейсбук баракчасында.
Казакбаев ошондой эле президенттин жана Кыргызстандын элинин атынан көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген катуу жер титирөөлөргө байланыштуу көңүл айтканын кошумчалады.