> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткендеги үйлөрдүн жана соцобъекттердин курулушуна 1.3 млн сом бюджеттен кетти
- URL: https://im.kg/all/2023/02/25/batkendegi-jl-rd-n-zhana-socobektterdin-kurulushuna-1-3-mln-som-bjudzhetten-ketti/
- Published: 2023-02-25T13:39:46.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**баткендеги куралдуу кагылышууда бузулган турак үйлөргө жана социалдык объекттердин курулушуна жалпысынан 1 млрд 360 млн сом мамлекет тарабынан которулган. Бул тууралуу минкабдын маалыматында айтылат.**

Анда белгиленгендей, үйлөрдү куруу иштери март-апрель айында бүткөрүлгөндөн кийин 2023-жылдын сентябрына чейин баардык социалдык объектилерди бүтүрүү пландалууда.

Минкабдан билдиришкендей, Баткенде иш сапары менен жүргөн Акылбек Жапаров Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү.

> “Айрыкча ишкерлерге компенсация берүү жагын карап чыгалы. Чындыгында ишкерлер эле эмес, мал-жанынан айрылган эл деле эмне менен оокат кылабыз деп жатышат. Үй эмеректери күйдү, мал-жаны өлдү, жоголду, уурдалды. Тизмелер такталсын. Зыянды компенсациялоонун тартиби боюнча Жобо иштелип чыксын. Жабыр тарткан жарандарга финансылык каражаттарды кыска мөөнөттө төлөөнү жүргүзүүнү баштаңыздар”, – деди Жапаров.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/63f99bdb718df-scaled.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/63f99bdb718df-scaled.jpeg)