Баткендеги үйлөрдүн жана соцобъекттердин курулушуна 1.3 млн сом бюджеттен кетти
баткендеги куралдуу кагылышууда бузулган турак үйлөргө жана социалдык объекттердин курулушуна жалпысынан 1 млрд 360 млн сом мамлекет тарабынан которулган. Бул тууралуу минкабдын маалыматында айтылат.
Анда белгиленгендей, үйлөрдү куруу иштери март-апрель айында бүткөрүлгөндөн кийин 2023-жылдын сентябрына чейин баардык социалдык объектилерди бүтүрүү пландалууда.
Минкабдан билдиришкендей, Баткенде иш сапары менен жүргөн Акылбек Жапаров Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү.
“Айрыкча ишкерлерге компенсация берүү жагын карап чыгалы. Чындыгында ишкерлер эле эмес, мал-жанынан айрылган эл деле эмне менен оокат кылабыз деп жатышат. Үй эмеректери күйдү, мал-жаны өлдү, жоголду, уурдалды. Тизмелер такталсын. Зыянды компенсациялоонун тартиби боюнча Жобо иштелип чыксын. Жабыр тарткан жарандарга финансылык каражаттарды кыска мөөнөттө төлөөнү жүргүзүүнү баштаңыздар”, – деди Жапаров.