> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда кимдер ММК полисин милдеттүү түрдө сатып алуусу керектиги айтылды
- URL: https://im.kg/all/2023/02/25/kyrgyzstanda-kimder-mmk-polisin-mildett-t-rd-satyp-aluusu-kerektigi-ajtyldy/
- Published: 2023-02-25T13:20:14.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Мирланбек Шабданов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында медициналык камсыздандыруу полисин кимдер милдеттүү түрдө алышы керек экендиги тууралуу айтып берди.**

Анын [айтымында](http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstanda-kimder-mmk-polisin-mildett-t-rd-satyp-aluuga-tiiish-1/), жарандардын төмөнку категориясы ММК полисин милдеттүү түрдө сатып алууга тийиш:

- 18 жаштан жогору иштебеген жарандар (иш менен камсыз кылуу кызматында катталбаган жумушсуздар, үй кожойкелери)
- күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан (дистанттык) окуу формаларынын, ошондой эле 21 жаштан жогорку күндүзгү окуу формаларынын студенттери
- аларга карата милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр келип түшпөгөн жеке уюмдарда, ишканаларда, базарларда иштегендер (тигүүчүлөр, куруучулар, такси/ маршруткалардын айдоочулары, базарлардын соодагерлери ж. б.)
- Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле республиканын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жактар.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште “КРдагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” кабыл алынган.