Кыргызстандын балык чарбаларын текшерүүгө Россиядан эксперттер келет

Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин жазгы талаа жумуштарына даярдыгы боюнча жыйында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков акыркы убакта Россияда Кыргызстандан барган балыктардан жана икралардан табылып жаткан зыяндуу заттардан улам, сертификациялоону токтотуу тууралуу маалыматка комментарий берди.

Министрдин айтымында, ал жака экспорттолгон балыктардан антибиотиктер табылып жатат жана ага Россия тараптан чектөө киргизүү сунушталган.

“Азыр тогуз компанияга чектөө кирип жатат. Биз алар менен учурда такташып жатабыз, ТИМ аркылуу да, түз да эки жолу кат жөнөттүк. Алардан эксперттер келет, бул жерден туура эмес технология өндүрүшү менен алектенгендерди кыдырабыз. Ошонун негизинде бир чечим кабыл алынат”, – деди Аскарбек Жаныбеков.

Эскерте кетсек, Россиянын Россельхознадзору Кыргызстандын балык чарбаларынын россиялык алуучуларга форель жана форель икраларын сертификациялоону токтотууну сунуштаган болчу.

Анда эки жыл аралыгында Кыргызстандан Россияга кирген форель жана форель икраларында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын уруксат берилген чегинен ашкандыгы бир нече жолу аныкталганы айтылган.