Кыргыз-Герман өнүктүрүү фондун түзүү долбоору жактырылды
Кыргыз-Герман өнүктүрүү фондун түзүү долбоору жактырылды. Бул тууралуу Германиянын Бундестаганын депутаттарынын Бишкекке болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.
Кыргызстан немис элдик кеңеши билдиргендей, Бундестагдын депутаттары 24-февралда Бишкектеги кыргыз-герман достук жана кызматташтык үйүндө болушкан.
Кыргыз-немис үйү этно-маданий, жаштар, тил жана социалдык долбоорлорду ишке ашырып, инвестициялык жана экономикалык иш-чараларды жүргүзүп жатканы айтылат.
Ошондой эле жыйында Кыргыз-Герман өнүктүрүү фондун түзүү долбоору жактырылган.