«Салык чек» тиркемеси аркылуу 1 күндө 40 млн сомго кассалык чектер сканерленди

Салык кызматынын лотереясын кайрадан улантуу жарыялангандан кийин бир күндүн ичинде жарандар «Салык чек» тиркемеси аркылуу 40 млн сомдон ашык суммага 26 миңден ашык кассалык чек сканерден өткөрүштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 23-мартынан тартып «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы жаңы шарттар менен расмий улантылууда.

1-утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот. Лотереяда 2376 баалуу байге ойнотулат. Анын ичинен 10 батир, 20 электромобиль, 1000 iPhone 14, 1000 Xiaomi смартфону, Дубайга 6 жолдомо (эки кишилик), 300 ноутбук, 40 даана Dyson стайлери.