«Бай-Түшүмдүн» акцияларынын көзөмөлдөөчү пакети Салымбековдорго өттү

Жумабек Салымбеков «Бай-Түшүм» банкынын 50.75% акциясын сатып алды. Башка акционерлердин курамы өзгөрүүсүз калганы банктын сайтында белгиленген.

Эске салсак, 23-мартта «Бай-Түшүм» банкынын акциялары Pettelaar Effectenbewaarbedrijf N.V. жана Multiconcept Fund Management Company S.A. компанияларына таандык болгон. Алардын «Бай-Түшүм» банкынын капиталына катышуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу акциялары сатылган.

«Бай-Түшүм» 2000-жылы каржылык фонд катары түзүлүп, кийин микрофинансылык компания болгон, 2012-жылы коммерциялык банктан лицензия алган. Максатбек Ишенбаев учурда банктын башкармалыгынын төрагасы.

Белгилей кетсек, Жумабек Салымбеков кыргызстандык ири ишкер, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун жээни.