«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы түзүлдү
КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Такталгандай, ишкананын максаты жана милдети мамлекеттик медициналык мекемелерди, андан кийин калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен кыйла жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга принциптүү жаңы мамилени камсыз кылуу.
Мамлекеттик медициналык мекемелер үчүн сатылып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын наркын төмөндөтүү өндүрүүчүлөрдөн же дистрибьюторлордон тикелей жеткирүүнүн эсебинен күтүлүүдө.