Улуттук банк март айынын аягында валюта рыногуна $45 млн сатты
Кыргызстандын Улуттук банкы 31-мартта валюта рыногунда $45.2 млн сатканын жөнгө салуучу орган өзүнүн сайтында билдирди.
Бул регулятордун быйылкы алтынчы интервенциясы болуп саналат. Улуттук банк акыркы жолу 13-мартта рынокко чыгып, $35 млн саткан. Жалпысынан 2023-жылы Улуттук банк валюта рыногунда $307.37 млн сатты.
Өткөн жылы Улуттук банк валюта рыногуна 15 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен сегизи жалпысынан $486.5 млн чет элдик валютаны сатуу жана жети интервенция $190.7 млн сатып алууга багытталган.