2023-жылы 31 кыргызстандык алгычкы төлөмсүз ипотекага ээ болду

Үстүбүздөгү жылдын үч айында эле республиканын 31 жараны мамлекеттик турак жай программасынын биринин алкагында жеке турак жайдын бактылуу ээси боло алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык фонд билдирди.

Үч айдын жыйынтыгы боюнча «Кепилдик фонду» ААК тарабынан 10.7 млн сомдон ашык суммага кепилдиктер берилип, бул 66.7 миллион сомдон ашык суммага ипотекалык кредиттерди берүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Ипотекалык кепилдиктер Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын тургундарына берилди.

«Кепилдик фонду» ААК, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жана «РСК Банк» ААК ортосундагы келишим боюнча эң көп турак жай кыймылсыз мүлкү Чүй облусунан 13 жана 10 бирдик кыймылсыз мүлк Нарын облусунан сатылып алынган. Үчүнчү орунда Жалал-Абад облусу турат, анын 5 тургуну жеке турак-жайга ээ болуу кыялын орундатты.