Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо аяктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ат-Башы гидроэлектростанциясын (ГЭС) реконструкциялоо долбоорунун расмий аяктоо аземине катышуу үчүн Нарын облусуна келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Жапаров белгилегендей, 2022-жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө 15 млрд сом бөлүнгөн. Бул долбоорду ишке ашырууга $25 млн бөлүнүп, анын жүрүшүндө бардык электромеханикалык жабдууларды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери аяктаган.
«Биз кылымдын курулушун баштадык – алар Камбар-Ата-1 ГЭСи, 2 жылдан бери токтоп турган Токтогул ГЭСинин № 4 гидроагрегаты ишке киргизилди, азыр ал саатына 1260 МВт электр энергиясын иштеп чыга алат. Учурда 50гө жакын чакан ГЭСтер курулуп жатат, бул башталышы. Биринчиден электр энергиясы экологияга зыян келтирбейт, экинчиден заманбап жашоонун энергиясы жана жаңы мүмкүнчүлүктөр. Ишенимдүү энергетикалык система мамлекеттин туруктуулугун камсыздайт», — деп жыйынтыктады Жапаров.