Чүй облусунда $1.2 млн тоок фабрикасы курулат

«Жар птица» чарбасы Чуй облусунун Ысык-Ата районуна канаттуулар фабрикасын курат. Долбоордун баасы $1.2 млн түзүп, каражатты Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бөлөт. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Канаттуулар фабрикасын куруунун долбоорунда тоютту жана персоналдын чыгымын азайтуучу автоматташтырылган башкаруу системасы каралган.

«Объектти өзүбүз курдук жана жабдууларды сатып алууда колдоо сурап ӨКӨФ кайрылдык. Жабдуулар жакында келет. Август айына чейин ишке киргизип, эки жылдын ичинде ишканадагы жумурткалардын санын 132 миңге жеткирип, жыл сайын 40 млн даана жумуртка өндүрүүнү пландап жатабыз», — дейт «Жар птица» дыйкан чарбасынын негиздөөчүсү Александр Подлабухов.