Таласта 83 млн сомго тигүү фабрикасынын курулушу башталды

Таласта тигүү фабрикасынын курулушу башталды. Тендерди «Ника.kg» курулуш компаниясы утуп алган. Долбоордун баасы 83 миллион сомду түзөт. Каражат аймактарды өнүктүрүү фондунан бөлүнөт, деп 24.kg басылмасы билдирди.

Биринчи этапта фабрика 500 жумушчу орун менен камсыз кылса, экинчи этапта штатты 1 миң жумушчуга чейин кеңейтүү күтүлүүдө. Басылманын маалыматы боюнча, компаниялар 25 млн сом өлчөмүндөгү биринчи траншты которгон. Фабриканы 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.