«Манас аэропорту» өзүнүн пансионатын аутсорсингге берет
«Манас аэропорту» өзүнүн пансионатын оперативдүү башкарууга берүүнү жарыялады (аутсорсинг). Бул тууралуу маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК өзүнө таандык Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында жайгашкан пансионатын берет.
Объекттер:
- 3 кабаттуу «Манас» аэропорту» пансионаты – 155 орун;
- 5 кабаттуу “Асыл-Таш” корпусунун 2-кабаты – 72 орун;
- пансионаттын аймагындагы ашкана — 80 орундук.
Шарттары:
- 3 айлык мөөнөткө оперативдүү башкарууга берүү (2023-жылдын июнь айынан август айына чейин);
- Аутсорсер жумушту уюштуруу үчүн кызматкерлерди ишке кабыл алууну өз алдынча жүргүзөт;
- «МЭА» ААКнын прейскурантында бекитилген баа боюнча «МЭА» ААКнын кызматкерлеринин арыздарынын негизинде милдеттүү түрдө жайгаштыруу;
- Төлөмдүн 50%ы келишим түзүлгөндөн кийин 5 банктык күндүн ичинде жүргүзүлөт, калган 50% аутсорсер тарабынан 2023-жылдын 31-августуна чейин төлөнөт;
- Бардык чыгымдарды аутсорсинг өзү көтөрөт;
- Келишим аяктагандан кийин бардык объектилер «МЭА» ААКга өткөрүлүп берилет.
Сунуштарды жана табыштамаларды 2023-жылдын 18-апрелине чейин manas.smto@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсө болот.