> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШга визалар үчүн төлөм кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2023/04/10/akshgha-vizalar-uchun-tolom-kymbattady/
- Published: 2023-04-10T08:55:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:11:14.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 30-майынан тарта АКШга келүүчү визалар жана башка иммиграциялык эмес визалар үчүн төлөм дүйнө жүзү боюнча 160**$** **дан 185$ га чейин жогорулайт. Бул тууралуу Бишкектеги АКШ элчилиги билдирди.**

Ошондой эле атайын петицияга негизделген визанын баасы (H, L, O, P, Q жана R) 190$ дан **205$ га** чейин жогоруламакчы, ал эми E визага арыз берүү акысы 205$ дан **315$ га** чейин жогорулайт.

> Буга чейин виза төлөмүн төлөгөн жана жарактуу квитанциясы бар талапкерлер интервьюга жазылуу үчүн эч кандай кошумча жыйым төлөбөйт экендиги белгиленет.  
>  
> Интервьюга кирип, учурда арызы каралып жаткандар да кабатырланбаса болот — алар да эч кандай кошумча төлөмдөрдү төлөбөйт.

Дүйнө жүзү боюнча визалык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү боюнча суроолор боюнча ConsularBishkek@state.gov кайрылыңыз, деп билдирет элчиликтин маалымат кызматы.

Ошондой эле виза тууралуу кененирээк маалыматты элчиликтин [веб-сайтынан](https://kg.usembassy.gov/visas/) тапса болот.