> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык ишкерлер үчүн Ozon маркетплейсинин бет ачары өтөт
- URL: https://im.kg/all/2023/04/10/kyrghyzstandyk-ishkierlier-uchun-ozon-markietplieisinin-biet-achary-otot/
- Published: 2023-04-10T08:59:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:12:43.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**14-апрелде саат 10:30да Бишкек шаарында Ozon аталган эң ири россиялык маркетплейстердин биринин практикалык конференция-презентациясы өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалым болгондой, презентациянын алкагында кыргызстандык ишкерлерге өлкөдөгү онлайн-базарларды өнүктүрүү боюнча алдыда боло турган иш-чаралар, ошондой эле өз товарларыңды Ozon соода аянтчасына алып чыгуу жана кызматташуунун башка формалары тууралуу айтылат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча да талкуу болот.

Иш-чарага өз продукциясын сатууну пландаган, ошондой эле бул маркетплейс менен бирге кабыл алуу пункттарын ачууну каалаган бардык кызыкдар ишкерлер чакырылат.

- Бет ачар өтүүчү жер: Novotel, Бишкек шаары, Манас проспектиси, 16.
- Катышуу бекер. Иш-чарага [бул жерден](https://internet-platforma--event.timepad.ru/event/2368941/) катталса болот.