> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Microsoft Борбордук Азиядагы хабы үчүн Казакстанды тандады
- URL: https://im.kg/all/2023/04/10/microsoft-borborduk-aziiadaghy-khaby-uchun-kazakstandy-tandady/
- Published: 2023-04-10T08:58:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:12:22.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Microsoft Казакстанда мультирегиондук хаб (борбор) ачууну чечти. Тиешелүү макулдашуулар Казакстандын санариптик өнүктүрүү министри Багдат Мусин менен Microsoft компаниясынын Казакстан боюнча башкы директору Сергей Лещенко менен болгон жолугушуусунда жетишилди. Бул тууралуу Казакстандын санарип агенттиги билдирди.**

[Маалыматка](https://www.gov.kz/memleket/entities/mdai/press/news/details/534571?lang=ru) ылайык, хабдын ишмердүүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүн, Азербайжан, Армения, Грузия, Монголия жана Пакистанды камтыйт. Майкрософттун Казакстанды тандагандыгынын себеби, Лещенконун айтымында, Казакстанда америкалык компаниянын талаптарына жооп берген бардык керектүү инфраструктура бар экендиги менен байланыштуу.

> «Майкрософттун ишмердүүлүгүн локалдаштыруу Казакстанга аймактык масштабда технологияларды жана алдыңкы чечимдерди тартуунун борбору болууга мүмкүндүк берет. Ошентип, Microsoft-тун технологиялык өнүгүү жана инновациялык борбору болуу менен хаб товардык эмес, технологиялык продукция өндүрүүнү жана экспорттоону стимулдаштыруу аркылуу адамдык капиталды өнүктүрүү жана улуттук экономиканы чыңдоо үчүн кыймылдаткыч боло алат», — деп белгилейт Казакстандын санариптик өнүктүрүү министри.