> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мигранттар которгон акча февраль айында көбөйгөн, бирок былтыркыга салыштырмалуу бир топ аз
- URL: https://im.kg/all/2023/04/10/mighranttar-kotorghon-akcha-fievral-aiynda-koboighon-birok-byltyrkygha-salyshtyrmaluu-bir-top-az/
- Published: 2023-04-10T08:58:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:12:33.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйылкы жылдын февраль айында мигранттар Кыргызстанга $151.4 млн которгон. Жыл башына салыштырмалуу мигранттардан түшкөн каражаттын агымы көбөйгөн. Ал эми өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу олуттуу азайган. Мындай корутунду Улуттук банктын сайтында жарыяланган маалыматтарга негизделген.**

Ошентип, бул жылдын январь айына салыштырмалуу мигранттар Кыргызстанга дээрлик 3.5% га көп акча которгон. Ал эми өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу агым дээрлик 20% га кыскарган. Анда өлкөгө акча которуу системалары аркылуу $187.6 млн түшкөн эле.

Алынган акчанын дээрлик 91%ы – 137 млн доллардан ашык — Россиядан түшкөн. Бирок бул өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу дээрлик төрттөн бир бөлүккө аз.

Февраль айында КМШнын башка өлкөлөрүнөн акча которуулардын көлөмү 5 млн долларга жеткен эмес, ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 9 млн доллардан ашык каражат келген. Айтмакчы, алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга которуулар жыл ичинде 1.8 эсеге өскөн.

> Жалпысынан быйылкы жылдын алгачкы эки айында өлкөгө акча которуу системалары аркылуу 298 млн доллар түшкөн, бул 2022-жылдын январь-февраль айларына (364.6 млн доллар) салыштырмалуу 18.2%га аз.