> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 100 миң сомдон берилет
- URL: https://im.kg/all/2023/04/10/uluu-ata-miekiendik-soghushtun-ardaghierlierinie-zhienish-kununo-karata-100-min-somdon-bieriliet/
- Published: 2023-04-10T08:57:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:12:11.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата 100 миң сомдон төлөнөт. Акчаны Кыргызстанда жашаган 68 согуш ардагери алат. Бир жолку төлөм боюнча тийиштүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.**

Президенттик аппараттын кабарына ылайык, мындай чечим 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн дүйнөлүк-тарыхый маанисин, ошондой эле улуу жеңиштин 78 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынган.

2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт, алардын ичинен:

- Улуу Ата Мекендик согуштун 12 инвалиди,
- Улуу Ата Мекендик согуштун 35 катышуучусу,
- Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка кармоо жайларынын жашы жете элек туткундарынын ичинен тогуз адам;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген, «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган, ошондой эле «Курчалган Ленинграддын жашоочусу» төш белгиси менен сыйланган 12 адам.

> Жогорудагы ардагерлердин ар бирине 100 000 сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Президенттин администрациясы ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна айына 7 миң сомдон акчалай компенсация жана өмүр бою төлөнчү 10 миң сомдук президенттик стипендия төлөнүп жатканын эске салды.