> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери Ысык-Көлгө 6.4 млн майда балык коё берилди
- URL: https://im.kg/all/2023/04/10/zhyl-bashynan-bieri-ysyk-kolgho-6-4-mln-maida-balyk-koio-bierildi/
- Published: 2023-04-10T08:59:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:12:48.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жыл башынан бери Ысык-Көлгө 6.4 млн чабак коё берилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин балык чарба департаментинин маалыматына таянып, «Кабар» агенттиги билдирди.**

Мекеменин маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн N38 жана N40 балык уулоочу аймактарын балык менен камдоо үчүн 1.5 млн майда сига-лудога балыгы чыгарылды. Балык менен камдоо департаменттин кызматкерлери, «Ысык-Көл плюс» балык өстүрүү айыл чарба кооперативинин, УИАнын Биохимия институтунун, Түп районунун ветеринардык кызматынын, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын Ысык-Көл биосфералык аймагынын экологиялык милициясынын, коомдук уюмдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

Жалпысынан, департаменттин эсеби боюнча, апрель айынын башына карата Кыргызстандын балык чарбаларына 6.4 млн чабак коё берилген.