Жыл башынан бери Ысык-Көлгө 6.4 млн майда балык коё берилди

Жыл башынан бери Ысык-Көлгө 6.4 млн чабак коё берилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин балык чарба департаментинин маалыматына таянып, «Кабар» агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн N38 жана N40 балык уулоочу аймактарын балык менен камдоо үчүн 1.5 млн майда сига-лудога балыгы чыгарылды. Балык менен камдоо департаменттин кызматкерлери, «Ысык-Көл плюс» балык өстүрүү айыл чарба кооперативинин, УИАнын Биохимия институтунун, Түп районунун ветеринардык кызматынын, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын Ысык-Көл биосфералык аймагынын экологиялык милициясынын, коомдук уюмдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

Жалпысынан, департаменттин эсеби боюнча, апрель айынын башына карата Кыргызстандын балык чарбаларына 6.4 млн чабак коё берилген.