> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министрлиги Ош облусундагы дарыянын нугун буруу долбооруна 10 млн сом жумшамакчы
- URL: https://im.kg/all/2023/04/11/aiyl-charba-ministrlighi-osh-oblusundaghy-daryianyn-nughun-buruu-dolbooruna-10-mln-som-zhumshamakchy/
- Published: 2023-04-11T09:22:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:26:50.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба курулушу боюнча дирекциясы Тегирмеч дарыясынын агымынын бир бөлүгүн Ош облусунун Ноокат районундагы Абшыр-Сай өзөнүнө өткөрүү боюнча долбоордук-изилдөө иштерине 10 млн сом жумшамакчы. Конкурстун шарттары мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.**

Сынактын шартына ылайык, эки жумадан кийин сунуштарды жөнөтүү мөөнөтү аяктайт. Объектти каржылоонун жалпы пландалган көлөмү 10 млн сомду түзөт.

Тегирмеч дарыясынын агымынын бир бөлүгү айыл чарбага ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен бурулмакчы.