Айыл чарба министрлиги Ош облусундагы дарыянын нугун буруу долбооруна 10 млн сом жумшамакчы
Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба курулушу боюнча дирекциясы Тегирмеч дарыясынын агымынын бир бөлүгүн Ош облусунун Ноокат районундагы Абшыр-Сай өзөнүнө өткөрүү боюнча долбоордук-изилдөө иштерине 10 млн сом жумшамакчы. Конкурстун шарттары мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.
Сынактын шартына ылайык, эки жумадан кийин сунуштарды жөнөтүү мөөнөтү аяктайт. Объектти каржылоонун жалпы пландалган көлөмү 10 млн сомду түзөт.
Тегирмеч дарыясынын агымынын бир бөлүгү айыл чарбага ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен бурулмакчы.