> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АӨБ Бишкектеги абаны тазартуу боюнча 470 млн долларлык планын сунуштады
- URL: https://im.kg/all/2023/04/11/aob-bishkiektieghi-abany-tazartuu-boiuncha-470-mln-dollarlyk-planyn-sunushtady/
- Published: 2023-04-11T09:23:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:27:08.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**11-апрелде Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын алдын ала презентациясын өткөрдү. Бул план АӨБнын «Жашаганга ыңгайлуу шаарлар үчүн интеграцияланган жана инновациялык чечимдер» жана «Алматы — Бишкек экономикалык коридору» долбоорлорунун алкагында иштелип чыккан.**

Презентация учурунда АӨБнын Кыргызстандагы туруктуу миссиясынын долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы Сезар Лоренс: «Бишкек тазараак энергияны колдонууга, үй чарбаларында энергияны натыйжалуу пайдаланууга, транспорт менен байланыштуу түтүндүн бөлүнүп чыгуусун азайтууга жана абанын булганышынын себептерин түшүндүрүүгө басым жасашы керек», — деп белгилеп кетти.

Ал эми ICF жетекчисинин орун басары Галина Артюхина борбор калаанын абасын тазартуу маселесин чечүүдө 11 приоритеттүү жол жана аларды ишке ашыруу үчүн мүмкүн болуучу чыгымдарды атады:

- автотранспорт каражаттарынын зыяндуу заттарды чыгаруу стандарттарын өлчөө жана белгилөө — 9-16 млн доллар;
- базалык изилдөө, анын ичинде мониторинг жана таасирди баалоо — 1.7-2 млн доллар;
- турмуш-тиричилик жылытуу системасын көмүрдөн таза отунга өткөрүү — 20-25 млн доллар;
- коомдук транспорттун инфраструктурасын модернизациялоо – 450-600 миң доллар;
- шаар куруу жана шаарды өнүктүрүү үчүн курулуш нормаларын иштеп чыгуу/кайра карап чыгуу — 100-250 миң доллар;
- жол чаңынын пайда болушуна жол бербөө — 100-250 миң доллар;
- үйлөрдү жылуулоо — **375 млн доллар;**
- ДССУнун абанын сапатына байланыштуу бардык маанилүү ооруларын камтуу үчүн статистикалык жагдайды кеңири изилдөө — 200-350 миң доллар;
- транспорттун агымынын өзгөрүшүнүн түтүндүн көлөмүнө жана абанын сапатына таасирин баалоо үчүн транспорттук суроо-талаптын моделин иштеп чыгуу — 1 млн доллар;
- «Эко5/6» стандартындагы автоунааларын колдонууга өбөлгө түзүү үчүн экономикалык стимулдар — 25-50 млн доллар;
- кыймыл талап кылган тебүүчү транспорт, жөө жүрүүнүн үлүшүн өстүрүү — 300-500 миң доллар.

> Бардык сунушталган чараларды ишке ашыруунун жалпы баасы **433-471 млн долларды** түзөт.

Сезар Лоренстин айтымында, эгерде Бишкек бул долбоорду ишке ашырса, анда Борбор Азиянын башка шаарларына үлгү боло алат.