АӨБ Бишкектеги абаны тазартуу боюнча 470 млн долларлык планын сунуштады
11-апрелде Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын алдын ала презентациясын өткөрдү. Бул план АӨБнын «Жашаганга ыңгайлуу шаарлар үчүн интеграцияланган жана инновациялык чечимдер» жана «Алматы — Бишкек экономикалык коридору» долбоорлорунун алкагында иштелип чыккан.
Презентация учурунда АӨБнын Кыргызстандагы туруктуу миссиясынын долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы Сезар Лоренс: «Бишкек тазараак энергияны колдонууга, үй чарбаларында энергияны натыйжалуу пайдаланууга, транспорт менен байланыштуу түтүндүн бөлүнүп чыгуусун азайтууга жана абанын булганышынын себептерин түшүндүрүүгө басым жасашы керек», — деп белгилеп кетти.
Ал эми ICF жетекчисинин орун басары Галина Артюхина борбор калаанын абасын тазартуу маселесин чечүүдө 11 приоритеттүү жол жана аларды ишке ашыруу үчүн мүмкүн болуучу чыгымдарды атады:
- автотранспорт каражаттарынын зыяндуу заттарды чыгаруу стандарттарын өлчөө жана белгилөө — 9-16 млн доллар;
- базалык изилдөө, анын ичинде мониторинг жана таасирди баалоо — 1.7-2 млн доллар;
- турмуш-тиричилик жылытуу системасын көмүрдөн таза отунга өткөрүү — 20-25 млн доллар;
- коомдук транспорттун инфраструктурасын модернизациялоо – 450-600 миң доллар;
- шаар куруу жана шаарды өнүктүрүү үчүн курулуш нормаларын иштеп чыгуу/кайра карап чыгуу — 100-250 миң доллар;
- жол чаңынын пайда болушуна жол бербөө — 100-250 миң доллар;
- үйлөрдү жылуулоо — 375 млн доллар;
- ДССУнун абанын сапатына байланыштуу бардык маанилүү ооруларын камтуу үчүн статистикалык жагдайды кеңири изилдөө — 200-350 миң доллар;
- транспорттун агымынын өзгөрүшүнүн түтүндүн көлөмүнө жана абанын сапатына таасирин баалоо үчүн транспорттук суроо-талаптын моделин иштеп чыгуу — 1 млн доллар;
- «Эко5/6» стандартындагы автоунааларын колдонууга өбөлгө түзүү үчүн экономикалык стимулдар — 25-50 млн доллар;
- кыймыл талап кылган тебүүчү транспорт, жөө жүрүүнүн үлүшүн өстүрүү — 300-500 миң доллар.
Бардык сунушталган чараларды ишке ашыруунун жалпы баасы 433-471 млн долларды түзөт.
Сезар Лоренстин айтымында, эгерде Бишкек бул долбоорду ишке ашырса, анда Борбор Азиянын башка шаарларына үлгү боло алат.