> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Беловодское айылындагы ипподром мамлекеттин менчигине кайтарылды
- URL: https://im.kg/all/2023/04/11/bielovodskoie-aiylyndaghy-ippodrom-mamliekiettin-mienchighinie-kaitaryldy/
- Published: 2023-04-11T09:22:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:26:40.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Прокуратура Чүй облусундагы Беловодское айылындагы ипподромду мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.**

Чүй облусунун Москва районунун прокуратурасы Первомайский айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгында, 2002-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жер-агрардык реформа борбору ипподром жайгашкан 28 гектар жер тилкесин «А-В-А-С» ААКна мыйзамсыз сатып жибергенин аныктаган. Айыл өкмөт объектти 2005-жылы жеке менчикке өткөрүп берген.

> Ипподромдун астындагы жердин баасы 154 млн сомду түзөт.

Сот органдары райондук прокуратуранын доосун канааттандырып, жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды, деп айтылат маалыматта.