Беловодское айылындагы ипподром мамлекеттин менчигине кайтарылды

Прокуратура Чүй облусундагы Беловодское айылындагы ипподромду мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун Москва районунун прокуратурасы Первомайский айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгында, 2002-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жер-агрардык реформа борбору ипподром жайгашкан 28 гектар жер тилкесин «А-В-А-С» ААКна мыйзамсыз сатып жибергенин аныктаган. Айыл өкмөт объектти 2005-жылы жеке менчикке өткөрүп берген.

Ипподромдун астындагы жердин баасы 154 млн сомду түзөт.

Сот органдары райондук прокуратуранын доосун канааттандырып, жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды, деп айтылат маалыматта.