> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Каныш-Кыя айылында 5 млн сомго чакан ГЭС куруу пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2023/04/11/kanysh-kyia-aiylynda-5-mln-somgho-chakan-ges-kuruu-plandaluuda/
- Published: 2023-04-11T09:22:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:26:35.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында муниципалдык чакан ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн эл менен жолугушуусунда район акими Алтынбек Сенирбаев билдирди.**

Азыркы учурда жергиликтүү бюджеттен долбоорлоо жумуштарына 5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Чакан ГЭС 5 МВт өлчөмүндөгү электр энергиясын өндүрүп, жергиликтүү казынанын жыл сайын 60 млн сомдон ашуун киреше бөлүгүн камсыздаары болжолдонгон.