Казакстан эки жылга дизель майын жана авиакеросинди экспорттоого тыюу салды — бирок баарына эмес
Казакстан мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу «Әділет» маалыматтык-укуктук системасынын порталында жарыяланган Казакстандын энергетика министринин 24-мартындагы буйругунда жазылган.
«2024-жылдын 31-декабрына чейин бул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мунай продуктуларынын түрлөрүн Казакстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга тыюу салынат», — деп айтылат энергетика министринин буйругунда.
Төмөнкүлөрдү экспорттоого тыюу салынат: жеңил дистилляттар, авиакеросин, дизель майы, газойлдор, толуол, ксилолдор, мунай битуму.
Документке ылайык, мунай продуктуларынын бул түрлөрүн Өзбекстанга жеткирүүгө тыюу салынган, бирок Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБдин курамына киргендиктен, аларды Кыргызстанга алып кирсе болот. Ошондой эле, дизель майы боюнча өзгөчө жагдай каралган: дизель майы автоунаанын керектөөсү үчүн гана дизелдик багына куюлган болсо, анда аны өлкөдөн чыгарууга болот.