> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россельхознадзор Кыргызстандын сүт заводдорун текшергени комиссия жөнөттү
- URL: https://im.kg/all/2023/04/11/rossielkhoznadzor-kyrghyzstandyn-sut-zavoddorun-tiekshierghieni-komissiia-zhonottu/
- Published: 2023-04-11T09:20:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:25:57.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россельхознадзор 10-апрелден 16-апрелге чейин Россияга сүт азыктарын жөнөткөн Кыргызстандагы беш өндүрүүчү ишкананы текшерет. Бул тууралуу россиялык департамент билдирди.**

Текшерүүнүн алкагында Россельхознадзордун кызматкерлери ЕАЭБдин ветеринардык мыйзамдарында бекитилген сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча сүт азыктарын текшерген лабораторияларга, ошондой эле сүт кабыл алуу пункттарына барышат.

> Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ветеринардык кызматы экспортко, анын ичинде Россияга жөнөтүлгөн сүт азыктарын өндүрүүчүлөргө карата жүргүзгөн контролдук-көзөмөлүнүн натыйжалуулугу боюнча тыянак чыгарылат.