> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери Кыргызстанга 1.5 млрд долларлык товар кирсе, экспорт 255 млн доллардан ашты
- URL: https://im.kg/all/2023/04/11/zhyl-bashynan-bieri-kyrghyzstangha-1-5-mlrd-dollarlyk-tovar-kirsie-eksport-255-mln-dollardan-ashty/
- Published: 2023-04-11T09:21:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T09:26:29.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улутстаткомдун маалыматы боюнча, быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандан 255.6 млн долларлык товар экспорттолгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.2%га көбүрөөк. Ал эми ошол эле мезгилде импорт 1.3 млрд долларды түзгөн.**

Жалпы экспорттун **161.2 млн** доллары (63.1%), ал эми импорттун **384.1 млн** доллары (26.3%) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге туура келет. Кыргызстандын ЕАЭБден тышкаркы үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасынын жалпы көлөмү **1.2 млрд** долларды түздү.