> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен аэропорту апрелдин аягына чейин жабык
- URL: https://im.kg/all/2023/04/12/batkien-aeroportu-aprieldin-aiaghyna-chieiin-zhabyk/
- Published: 2023-04-12T09:56:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:03:29.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйылкы жылдын 1-апрелинен тартып Баткен аэропорту оңдоо-калыбына келтирүү иштеринен улам убактылуу жабылган. Ремонт айдын аягына чейин созулат. Бул тууралуу Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору «МАМ» билдирди.**

Аэропортто асфальт-бетон төшөө, учактар үчүн токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү боюнча оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин экинчи этабы жүрүүдө. Оңдоо иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Кошумчалай кетсек, 7-февралдан тартып Tez Jet авиакомпаниясынын Бишкектен Баткен аэропортуна каттамдары жанданды.