> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Инвестициялык агенттик Түркмөнстанга бизнес-миссия даярдап жатат
- URL: https://im.kg/all/2023/04/12/inviestitsiialyk-aghienttik-turkmonstangha-biznies-missiia-daiardap-zhatat/
- Published: 2023-04-12T10:00:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:04:08.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук инвестиция агенттиги Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги менен биргеликте май айында Ашхабадга бизнес-миссия уюштурууну пландаштырууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди**.

Бизнес-миссия Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү из-чара болуп саналат.

Кызматташтыктын багыттары туризм, өнөр жай, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармактарын камтыйт. Саламаттыкты сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси да каралмакчы. Ошондой эле архитектура жана курулуш, IT-технологиялар, эл аралык транспорт, маркетинг жана консалтинг маселелери талкууланат.

Катышууга кызыккан ишкерлер бул жерден катталса болот: <https://forms.gle/3AJEUGVtpp4qDX649>