> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктар үчүн ажыга баруу 3.9 миң доллар турат
- URL: https://im.kg/all/2023/04/12/kyrghyzstandyktar-uchun-azhygha-baruu-3-9-min-dollar-turat/
- Published: 2023-04-12T09:55:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:02:58.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандык бир мусулмандын быйылкы ажылык зыяратынын баасы 3.9 миң долларды түзөрүн муфтиятка шилтеме берүү менен «Кабар» маалымат агенттиги билдирди.**

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, төлөм 12-апрелден баштап кабыл алынат.

Кезекте турган жана төлөмдүн бир бөлүгүн (1 миң доллар өлчөмүндө) төлөгөн жарандар 17-апрелге чейин «РСК Банкка» 2.9 миң доллар төлөсө болот.

Быйыл Кыргызстан үчүн биринчи жолу ажылыкка 6 миң квота бөлүндү.