Кыргызстандыктар үчүн ажыга баруу 3.9 миң доллар турат

Кыргызстандык бир мусулмандын быйылкы ажылык зыяратынын баасы 3.9 миң долларды түзөрүн муфтиятка шилтеме берүү менен «Кабар» маалымат агенттиги билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, төлөм 12-апрелден баштап кабыл алынат.

Кезекте турган жана төлөмдүн бир бөлүгүн (1 миң доллар өлчөмүндө) төлөгөн жарандар 17-апрелге чейин «РСК Банкка» 2.9 миң доллар төлөсө болот.

Быйыл Кыргызстан үчүн биринчи жолу ажылыкка 6 миң квота бөлүндү.