> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «РСК Банк» директорлор кеңешинин курамын өзгөрттү
- URL: https://im.kg/all/2023/04/12/rsk-bank-diriektorlor-kienieshinin-kuramyn-ozghorttu/
- Published: 2023-04-12T09:55:00.000Z
- Updated: 2023-04-21T10:03:09.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**30-мартта «РСК Банктын» акционерлеринин жалпы чогулушу өтүп, анда бир катар чечимдер кабыл алынган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.**

Жыйында директорлор кеңешинин мүчөсү Касымов Мирбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын ордуна төрт жылдык мөөнөткө Көлбаев Кубанычбек шайланды.

Эскерте кетсек, Касымов Мирбек өткөн жылдын 16-ноябрында «РСК Банктын» директорлор кеңешине шайланган эле.