«РСК Банк» директорлор кеңешинин курамын өзгөрттү

30-мартта «РСК Банктын» акционерлеринин жалпы чогулушу өтүп, анда бир катар чечимдер кабыл алынган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Жыйында директорлор кеңешинин мүчөсү Касымов Мирбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын ордуна төрт жылдык мөөнөткө Көлбаев Кубанычбек шайланды.

Эскерте кетсек, Касымов Мирбек өткөн жылдын 16-ноябрында «РСК Банктын» директорлор кеңешине шайланган эле.